Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:51

3-октябрь күнү «НТС» телеканалынан өзүн Дурбек Алимжанов деп атаган жаран аны белгисиз адамдар коркутуп, токмоктоду деген факт иликтенүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Катчынын сөзү боюнча, фактыны иликтөө учурунда Дурбек Алимжанов бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган эмес:

- Ошондой эле денесинен жаракат алгандыгы боюнча медициналык мекемелерге да жардам сурап кайрылбагандыгы аныкталды. Учурда Дурбек Алимжанов өзү Кара-Сууда жок экен, айрым маалыматтар боюнча ал Бишкекке чыгып кеткен.

Жеңишбек Аширбаев облустук милиция башкармалыгы «НТС» телеканалынан берилген маалыматка ылайык бул факт боюнча Ош облустук ички иштер органдары тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын, айтылган дооматтары далилденсе, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн маалымдады.

3-октябрь күнү НТС телеканалында Дурбек Алимжанов аттуу карасуулук тургунду президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкери болгону үчүн белгисиз бирөөлөр коркутуп, токмоктогону айтылып, анын көк ала болгон денеси көрсөтүлгөн.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG