Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 314 584 шайлоочу №2 үлгүдөгү, ал эми 27 84 шайлоочу №3 үлгүдөгү форма боюнча добуш берүү арызы менен кайрылган.
Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, №2 үлгүдөгү форма менен паспорттогу каттоосу башка, жашаган жери башка жарандар добуш бере алат:
- Өзгөчө жаңы конуштарда жашагандардын көпчүлүгү каттоосу айылында, жашаган жери Бишкекте. Же болбосо шаарларда жашап-иштеп, катталган жери айылда болгон жарандарыбыз өтө көп болуп жатат. Ошондуктан №2 үлгүдөгү форма менен өзүнүн катталган жеринен башка жакта добуш берүүнү каалаган жарандарыбыздын саны быйыл көп.
№2 үлгүдөгү форма боюнча кошумча шайлоо участогунан добуш берүү үчүн арыздарды кабыл алуу 29-сентябрда аяктады.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага 12 талапкер ат салышууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, президенттик шайлоодо 3 млн 028 903 шайлоочу добуш бере алат.(EBM/ZKo)