Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Каталония президенти: көз карандысыздык бир нече күндүн маселеси


Каталония президенти Карлес Пучдемон референдумда добуш бергенден кийин. 1-октябрь, 2017-жыл.
Каталония президенти Карлес Пучдемон референдумда добуш бергенден кийин. 1-октябрь, 2017-жыл.

Карлес Пучдемон бул тууралуу 3-октябрда Би-Би-Си менен маегинде билдирип, “көз карандысыздыкты жарыялоо бир нече күндүн маселеси экенин”, анын өкмөтү “бул багыттагы кадамды ушул аптанын аягы же келерки апта башында жасарын” белгиледи.

Пучдемон ага катар Испания өкмөтүнүн Каталония бийлигине көзөмөл орнотуу аракети “баарын өзгөртүүчү жаңылыштык” болорун белгиледи.

Каталон бийликтеринин ырастоосунда, 1-октябрдагы референдумга катышкан 2,2 миллион адамдын 90% ашууну Испаниядан бөлүнүүнү жактаган.

Добуш берүүгө автоном аймактын шайлоого укуктуу 5,3 миллион калкынын 42% катышкан.

Испания өкмөтү референдумду мыйзамсыз жана антиконституциялык деп эсептөөдө. Премьер-министр Мариана Рахой каталон бийликтеринин аракетин “демократияны келекелөө” деп мүнөздөгөн болчу.

Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия да референдумду мыйзамсыз деп атаган.

Испан падышасы Филип VI 3-октябрдагы телекайрылуусунда Каталония бийликтерин коомду бөлүп, демократиялык принциптерге каршы аракеттенип жатканы үчүн айыптады. (UE)

XS
SM
MD
LG