Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:55

Зомбулукка кабылгандар үчүн мобилдик тиркемелер иштелип чыгат


Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда түрдүү зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүүнүн жаңы технологиялык ыкмалары иштелип чыгат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта Бишкекте укук коргоочулар менен эл аралык IT адистердин бул жаатта жолугушуулары өтүп жатат:

- Ала качуунун, зордуктоонун курмандыгы болгон кыз-келиндердин иши сотко өткөндө алардын укугу дээрлик корголбой калып жатат. Ошондуктан биз аларга жардам берүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгууну чечтик. Маселен, азыр смартфондор баарында, айылда деле бар эмеспи. Мобилдик тиркеме иштеп чыксак, аны каалагандар чөнтөк телефонуна жүктөп алса болот. Мисалы, ала качууга дуушар болгон кызда мындай тиркеме бар болсо ал башкаларга билгизбестен эң жакын адамдарына сигнал бере алат, болуп жаткан окуяны аудиого жаздырып алса болот, себеби ал кийин териштирүүдө далил катары керектелет.

Бекназарованын айтымында, мына ушул сыяктуу жөнөкөй жана жеткиликтүү тиркемелерди иштеп чыгуу үчүн уюштурулган жолугушуулар Борбор Азиядагы Америка университетинде өтүп жатат.

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган факттардын саны жылдан жылга өсүүдө. Маселен, 2011-жылы 794 болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG