Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Түркия президенти Иранга барды


Иран президенти Түркия президентин расмий тосуп алган учур. Тегеран, 4-октябрь, 2017-жыл.
Иран президенти Түркия президентин расмий тосуп алган учур. Тегеран, 4-октябрь, 2017-жыл.

Режеп Тайып Эрдогандын Иранга бул жолку сапары Анкара менен Тегеран Ирактын Күрт автоном аймагынын көз карандысыздык референдумуна кантип жооп берүү маселесин талкуулап жаткан учурга туш келди.

Ирак менен катар Түркия менен Иран дагы күрт референдумуна каршы чыгышкан.

Түркия аны менен чектеш аймакта Күрт мамлекети пайда болушу менен келише албай турганын ачыктаган болчу.

Ирактын борбордук өкмөтү болсо Күрт автоном аймагынын бийликтеринен 25 -сентябрдагы референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, болбосо санкцияга, изоляцияга, балким аскерий интервенцияга да кабыларын эскертүүдө.

Багдад Күрт автоном аймагынын банктарына каршы буга чейин эле санкция киргизип, аларга чет элдик валюта которууну токтотту.

Ирактын күрт бийликтери билдиргендей, жыйынтыгы дароо эле мыйзамдык күчкө ээ эмес референдумда добуш берген 3,3 миллион адамдын 94% көз карандысыздыкты колдошту.

Бүгүн болсо Күрт автономиясы 1-ноябрга президенттик жана парламенттик шайлоо белгиленгенин жарыялашты. (UE)

XS
SM
MD
LG