Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

КТРКда президенттикке талапкерлердин теледебаты өтүп жатат


Бүгүнкү теледебатка президенттик кызматка талапкерлер Арстанбек Абдылдаев, Токтайым Үмөталиева, Өмүрбек Бабанов жана Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Коомдук телеканалда дебаттардын биринчи бөлүгү кечээ башталып, жадыбал боюнча Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек эле. Төрөбаев катышпай, Мадумаров менен Бекназаров гана катышкан.

5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты болот.

КТРКда дебаттардын экинчи бөлүгү 11-12-октябрга белгиленген. Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов 11-октябрда чыгат. Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбековго 12-октябрь туш келген.

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG