Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Порошенко Донбасстагы реинтеграция мыйзамын тез арада кабыл алууга чакырды


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украинанын президенти Петро Порошенко 4-октябрда аталган мыйзам долбоорун Жогорку Радага жиберди. Документ чет өлкөлүк өнөктөштөр, анын ичинде Франция, Германия жана АКШ менен кеңешүүлөрдөн кийин парламентте шаршембиде каттоодон өттү.

Анда Орусияны «баскынчы өлкө», жикчилдердин көзөмөлүндөгү Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорун «оккупацияланган аймактар» деп таануу камтылган.

Мындан тышкары Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүүдө Минск келишимдери сакталышы керектиги жазылган.

"Украина Орусиянын, анын куралдуу күчтөрүнүн, башка согуштук түзүмдөрүнүн жана оккупацияланган администрациялардын Донецк жана Луганск облустарында жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчилик албайт", – деп айтылат документте. Ошондой эле орусиялык агрессиядан коргонуу боюнча Донбасста бардык мекемелерди жетектөө Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен ыкчам штабына жүктөлөрү белгиленген.

Украин бийлиги бул документтин кабыл алынышы Киевдин БУУдагы, эл аралык соттордогу позицияларын бекемдейт деп ишенип жатат. Донбасстын реинтеграциясы тууралуу мыйзам долбоору 18-октябрга чейин кабыл алынышы керек. Бул күнү «Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорундагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өзгөчө тартиби тууралуу» үч жылдык мыйзамдын мөөнөтү аяктайт.

Порошенко сунуштаган мыйзам долбоорун Жогорку Рада бүгүн карашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG