Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:17

Токтогулда 250 окуучу авариялык абалдагы мектепте окуп жатат


Өткөн жылы мектептин чатыры кулап түшкөн.

Райондун Кара-Суу айылындагы №10 Токтогул Казатов атындагы мектептин имараты 2008-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан экинчи жолу жараксыз дегенине карабай, окуучулар билим алып келе жатышат. Бул тууралу мектеп директору Гүлжан Раимбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Мектеп имараты 1980-жылы ашар жолу менен салынган. Айылда мындан башка мектеп жок.

- Былтыркы жылы имараттын чатыры кулап түшүп, жергиликтүү бийликтин жардамы менен шыйпырларын жаңыладык. Дубалдарына жарака кеткендиктен мештерге от жакканда эки жолу өрт чыгып, мугалимдер өзүбүз өчүрүп калдык. Быйыл 30дан ашык окуучунун ата-энелери имараттан кооптонуп балдарын башка айылдарга алып кетип калышты, - деди мектеп директору Гүлжан Раимбекова .

Жаңы мектептин курулушу 2015-жылы ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбековдун демилгеси менен башталып, имараттын пайдубалып түптөөгө жерлер казылган бойдон калып кеткен. Мектепте 256 окуучуга 25 мугалим билим берет.

Жалал-Абад облусу боюнча учурда 25 авариялык мектепте учурда окуучулар окуп келе жатышат. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG