Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:27

Түркия: кыргызстандык аялды сабаган деген эки полициячынын иши каралууда


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркиянын Алания аймагында кыргызстандык аялды эки полиция кызматкери сабаганын түркиялык маалымат каражаттары жазып жатышат. “Доган” кабар агенттигинин Анталиядагы кабарчысы Бүлент Татоглунун “Азаттыкка” кабарлашынча, полиция кызматкерлери 40 жаштагы кыргызстандык аялды эки полиция кызматкери сабап жатканын ошол жердеги адамдар видеого тартып алышкан.​ Бүлент Татоглунун ​маалыматы боюнча, полиция кызматкерлери табылып камакка алынган.

Ал эми Алания райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Хашим Чакмакчы жергиликтүү маалымат каражаттарына комментарий берип, сабалган аял кыргызстандын жараны экенин аныкталганын билдирген:

- Сабалган аялды Газипаша деген жерден таап, Аланияга алып келдик. Ал Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Биз аял психикалык жактан оорулуу го деп ойлоп жатабыз.

Окуянын чоо-жайын Аланиянын ички иштер бөлүмү териштирип жатат. Кыргызстандык аялды болсо депортация бөлүмүнө которушкан.

Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. Анталия аймагында бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашап, эмгектенет. (ElB)

XS
SM
MD
LG