Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 13:03

Маалыматта айтылгандай, жайлоодо калган сегиз чабан 4-октябрь күнү кечке жуук Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келип, айылга жакын Эски штаб деп аталган жерге жайгашкан. Аларга куткаруучулар тамак-аш, жылуу кийим-кече алып кетишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айылынын сегиз чабаны 30-сентябрда кар көп жааганына байланыштуу үч короо коюу жана үч үйүр жылкысы менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ат-Ойнок ашуусунан өтө албай калышкан. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар чабандарды көчүрүп келүү үчүн алар менен байланыша албай жатканы айтылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG