Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:45

Өзбекстанда ардагер журналист абактан чыкты


Журналист Солижон Абдурахманов жана аны абактын оозунан тосуп алган "Эзгулик" укук коргоо коомунун өкүлү Абдурахман Ташанов.
Журналист Солижон Абдурахманов жана аны абактын оозунан тосуп алган "Эзгулик" укук коргоо коомунун өкүлү Абдурахман Ташанов.

Өзбекстанда көз карандысыз журналист Солижон Абдурахманов 4-октябрда эркиндикке чыкты. 67 жаштагы журналист 2008-жылы маңзат колдонду деген айып менен он жылга абакка кесилген. Өзү айыпты четке кагып, "маңзатты милиция автоунаасына салып койгонун" айтып келген.

Абакка чейин Абдурахманов Өзбекстандын Каракалпакстан автоном облусундагы адам укуктары жаатындагы кырдаал, Арал деңизинин көйгөйү тууралуу жазып келген. Ал учурунда “Азаттыктын” өзбек кызматы, кийинчерээк Uznews.net интернет басылмасы менен да кызматташкан.

Бир күн мурда абакта он жылдан ашуун отурган укук коргоочу Азам Фармонов эркиндикке чыккан. Анын жаза мөөнөтү төрт жылдан кийин аяктамак.

39 жаштагы Фармонов опузалап акча талап кылды деп айыпталып, 2006-жылы өзбек соту аны тогуз жылга эркинен ажыратып, кийин жаза мөөнөтүн дагы беш жылга узарткан.

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары Абдурахманов менен Фармоновдун эркиндикке чыгарылышын кубатташты.

XS
SM
MD
LG