Шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп Лас-Вегас шаарына барды. Президент үч күн мурдагы кыргында жабыркагандар жаткырылган ооруканага жана укук коргоо кызматтарынын аракеттери координацияланган полиция башкармалыгына барды.
Трамп жабыркагандарга көңүл айтып, полициячыларга кесипкөй кызматы үчүн ыраазычылык билдирди.
- Америка учурда аза күтүп жаткан мамлекет. Силердин кайгыңар чексиз экенин билебиз. Кайгыңарды бөлүшөбүз, - деди АКШ президенти курман болгондордун жакындарына кайрылып.
1-октябрдын кечинде Лас-Вегастагы музыка фестивалы учурунда ок атылып, андан мерт болгондор 59 адамга жетти. Жараат алгандар 527 киши экени такталды. Фестиваль өтүп жаткан жердеги мейманкананын 32-кабатынан ок жаадырган адам өзүн өлтүргөн. Кийин ал Стивен Пэддок аттуу америкалык пенсионер деп таанылган. АКШ бийлиги шектүү террордук топтор менен байланышта болбогонун билдирүүдө.