Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Иранда өзөктүк келишимдеги ортомчулардын бири соттолду


Абдулрасул Дори Эсфахани
Абдулрасул Дори Эсфахани

2015-жылдагы өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүүлөрдөгү ирандык топтун өкүлү тыңчылыкка айыпталып беш жылга кесилгени кабарланууда.

Бул тууралуу жергиликтүү "Тасним" агенттиги Тегерандын апелляциялык сотуна таянып 4-октябрда билдирди. Камалган адамдын аты аталган жок. Бирок ортомчулар арасында бир гана Абдулрасул Дори Эсфахани соттолуп жаткан.

"Ал беш жылга эркиндигинен ажыратылды" деп маалымдайт агенттик.

Абдулрасул Дори Эсфахани Иран менен дүйнөдөгү алты бакубат өлкөнүн өзөктүк сүйлөшүүлөрүндө банк ишмердиги жаатын тейлеген. Ал 2016-жылы жайында, Ирандын экономикасына байланыштуу маалыматтарды чет өлкөлүктөргө саткан деген шек менен кармалган.

Эсфахани Иран менен Канаданын жараны. Бирок Иран кош жарандуулукту тааныбайт.

XS
SM
MD
LG