Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:54

Лас Вегас кыргынына шектүү менен жашаган аял сурак берди


Марилу Дэнли.
Марилу Дэнли.

Лас-Вегас кыргынына шектүү менен чогуу жашаган Марилу Дэнли 3-октябрдын кечинде Филиппинден келери менен суракка алынды. Ал Федералдык иликтөө бюросуна берген көрсөтмөсүндө шектүү Стивен Пэддок буга чейин кандайдыр кылмыш жасоо ниетин билдирбегенин айткан. Көрсөтмөнү адвокаты Мэтью Лобмард медиага окуп берди:

- Мен Стивен Пэддокту боорукер, камкор жана жоош-момун адам катары билчүмүн. Мен аны жакшы көрчүмүн жана бейпилдикте бирге жашайбыз деп үмүттөнчүмүн. Ал менин көзүмчө ушундай тирукмуш трагедияга алып бара турган эч бир иш жасаган да, андай оюн айткан да эмес.

Марилу Дэнли Филиппинде төрөлгөн Австралия жараны. Ал казинодо иштеп, Мескит шаарында Пэддок менен чогуу жашашчу экен. Анын айтымында, бир нече жума мурда ал Филиппиндеги туугандарына барып келүүгө көндүрөт. Марилу Манилага жеткенде Пэддок ага үй сатып алыш үчүн 100 миң доллар которгонун айтат. "Күтүүсүз сапар, анан акчадан улам мени менен ажырашкысы келип атабы деп ойлодум. Кимдир бирөөнү өлтүрүүнү пландаганы башыма да келген эмес" делет 62 жаштагы аялдын көрсөтмөсүндө.

Жекшембинин кечинде Лас-Вегастагы кол салуудан 59 адам өлүп, 527 киши жаракат алышты. Мейманкананын 32-кабатынан ок жаадырып, полиция номерге кирип барганда өзүн да өлтүргөн адам 64 жаштагы Стивен Пэддок деп таанылган. ФБР аны шектүү террордук топтор менен байланышта болгон эмес деп билдирүүдө. Учурда кылмышка түрткөн себептер иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG