Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:24

Президент Атамбаев Ош шаарынын күнү менен куттуктады


Шаар күнүн майрамдоо салтанаты. 5-октябрь, 2017-жыл
Шаар күнүн майрамдоо салтанаты. 5-октябрь, 2017-жыл

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев куттуктоосунда Ош шаарын Улуу Жибек Жолунун боюнда, ыйык Сулайман тоосунун боорунда жайгашып, эзелтен Батыш менен Чыгышты байланыштырган сооданын борбору, берекенин, молчулуктун жергеси болуп келген деп баалады. Ошондой эле президент Ош шаары кол өнөрчүлүктүн, ар кыл маданияттын ордосу катары көп улуттуу элдин башын бириктирип турганын, шаардын курама эли ынтымакта жана биримдикте жашоонун, меймандостуктун мыкты салттарын калыптандырганын белгилеген.

"Байыркы шаарыбыз тарыхында далай сыноолорду баштан кечирди. Бирок кыйын кезеңдерде курама элди ар дайым сабырдуулук, ынтымак жана биримдик сактап келди. Акыркы жылдары өлкөбүз сыяктуу эле Ош шаарынын көп улуттуу эли дагы өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Ишкерлик жанданып, туризм, соода алакасы өнүгүп, жолдор оңдолуп, жаңы социалдык обьектилер, мектептер, көпүрөлөр салынып жатат. Инфраструктурасы жылдан жылга жакшырып келатат" деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Мамлекет башчы Оштогу көйгөйлөргө да токтолуп, байыркы шаардагы көп улуттуу элдин байлыгы – ынтымак жана биримдик сөзсүз бекемделерин баса белгилеп, шаардын келечеги кең экендигине терең ишеничин билдирген.

Президент Атамбаев Ош шаарына тынчтык, ынтымак жана гүлдөп өнүгүү, ал эми шаардыктарга чың ден-соолук, бак-таалай жана ийгилик каалаган.

Жыл сайын 5-октябрда Ош шаары өзүнүн күнүн белгилейт. 2000-жылы бул күнү Ош шаарынын 3000 жылдыгы чоң салтанат менен майрамдалган. Ошол жылы президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен Ош шаарына Түштүк борбору деген статус берилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG