Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Президенттин билдирүүсү үгүт катары бааланды


Президенттин билдирүүсү үгүт катары бааланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00
Түз линк

Президент Алмазбек Атамбаев 4-октябрда президенттикке талапкерлердин бирин сындаган билдирүү таратты. Анда "кайсы бир талапкердин шайлоочулардын 65 пайызы ага добуш берүүгө даяр дегени эч нерсе менен ырасталган эмес, бул маалыматты коомго таңуулоо аракети" деп айтылган. Буга чейин президенттикке ат салышып жаткан Өмүрбек Бабанов өзүнүн рейтинги жогору болгондуктан биринчи турда эле утуп чыкканга мүмкүнчүлүгү бардыгын, мындан улам бийлик аны каралоого өткөнүн жарыялаган. Коомчулукта "президент калыстыктан тайды, бир талапкерди ачык колдогонун көрсөттү" деген доомат айтыла баштады. Бирок айрым саясатчылар мындай сынды негизсиз дешет.

XS
SM
MD
LG