Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:26

Тажикстанда жардыруу уюштурууга аракет жасаган киши соттолду


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстандын Согди облусунун тургуну Шерзод Нормамадов мамлекеттик имараттарды жардыруу аракетине күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Андан тышкары облустук сот анын эки шеригин 10 жылдан кести.

4-октябрда облустук соттон билдиришкендей, Нормамадов 2015-жылы Москвага иштегени барып, анда "Өзбекстан ислам кыймылынын" катарына кошулган. Андан соң топтун Москвадагы эмиринен райондук милиция жана прокуратура имараттарын жардыруу буйругун алган. Ага жардыруучу заттарды жеткирип берүүнү Кыргызстандын Баткен облусундагы шериктери убадалашкан.

Сот материалдарына ылайык, Нормамадов буйрукту аткаруу үчүн өткөн жылдын соңунда Тажикстанга кайтып, 31-январда кармалган.

Соттолуучу сурак маалындагы көрсөтмөлөрү жасалмаланганын айтып, жардырууну пландабаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG