Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:06

БШК “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын арызын четке какты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

БШК “Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясынын арызын канааттандыруудан баш тартты. Аталган уюм 28-сентябрда Бишкек шаарындагы №26-мектеп гимназиясынын директору ата-энелердин жыйналышында президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоо боюнча үгүт жүргүзүү менен мыйзам бузган деп даттанган.

Боршайкомдун Үгүт жүргүзүү эрежелерин көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобу арызды караган учурда аталган мектеп директору ата-энелер чогулушунда өзүнүн жарандык позициясын билдирип, элди алдыдагы шайлоого катышууга чакырганын, биометрикалык маалыматтарды жыйноочу жайдын дарегин айтып бергенин маалымдаган.

Мындан тышкары директор үгүт жүргүзгөн эмес деп жыйынга катышкан бир катар ата-энелер жана мугалимдер арыз менен БШКга кайрылышкан.

Натыйжада Боршайком мектеп директорунун сөзүндө үгүт жок деген негизде аталган коалициянын арызын четке какты. (NT)

XS
SM
MD
LG