Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда болгон окуяны Сокулук райондук соту териштирип жатат.
Быйыл 3-апрелде Ак-Ордо-3 жаңы конушунда 33 жаштагы адам он жаштагы кызды зордуктоо аракетин көргөндө күбөлөр көрүп калып жаман ою ишке ашпай калганы айтылган. Шектүүнү жергиликтүү тургундар кармап, милицияга өткөрүп беришкен.
Окуя бир айдан кийин, бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео интернетте тарап, катуу талкууга түшкөндөн кийин ачыкка чыккан.
Чүй облустук милициясы июндун башында иштин материалдары сотко өткөрүлдү деп билдирген. (NT)