Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Ысык-Көлдө өрттөн сарай жана мал-жандыктар күйүп кетти


Kyrgyzstan-fire-Bishkek
Kyrgyzstan-fire-Bishkek

6-октябрь күнү саат 04:00 чамасында Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында эки кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, төрт сааттан кийин толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен сарай толугу менен, андагы 1000 түк чөп, 200 түк саман, 10 кой жана эки уй күйүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталып жатканын маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG