Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:39

AIPS Asia Конгрессине Кыргызстандан эки журналист катышууда


Азиянын спорт журналистеринин спорт журналисттеринин (AIPS Asia) XX Конгресси. 6.10.2017. Исламабад, Пакистан.
Азиянын спорт журналистеринин спорт журналисттеринин (AIPS Asia) XX Конгресси. 6.10.2017. Исламабад, Пакистан.

Бүгүн, 6-октябрда Пакистандын борбору Исламабад шаарында Азия чөлкөмүндөгү спорт журналисттердин (AIPS Asia) XX кезексиз Конгресси башталды.

Ага 32 өлкөдөн 100гө жакын медиа мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат. Бул жыйынга Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы аркылуу эки журналист: "Азаттыктын" спорт кабарчысы Эмилбек Чекиров жана Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясынын менеджери, sport.kg сайтынын кабарчысы Теңгелбес Мусаев барган.

Конгресс эки күнгө созулат. Жыйындын жүрүшүндө Пакистандагы жана Азия чөлкөмүндөгү спорт журналистикасынын абалы, Пакистандын спортундагы жетишкендиктер талкууланып, ошондой эле спорт журналисттеринин эл аралык Ассоциациясынын (AIPS) аткаруу комитетине Азия чөлкөмүнөн өкүлдөр шайланат. Ага кошумча алдыңкы журналисттерге сыйлыктар берилет. Жыйынды Пакистандын спорт жазуучулар федерациясы уюштурган. Бул уюмдун түзүлгөндүгүнө быйыл 70 жыл болгон.

Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы 1995-жылы түзүлгөн.

Аталган уюм эл аралык федерация (AIPS) менен тыгыз кызматташып жылына бир-эки журналистти спорт журналисттеринин дүйнөлүк семинарларына жөнөтүп турат.

Учурда бул уюмду меценат Улугбек Салымбеков жетектейт. (ECh).

XS
SM
MD
LG