Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:30

Карабеков: Мени доого сот эмес, бийлик жыкты


Kyrgyzstan - journalist Kabai Karabekov
Kyrgyzstan - journalist Kabai Karabekov

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун менин үстүмөн сотко даттануусуна негиз жок болчу деп билдирди журналист Кабай Карабеков "Азаттыкка". Ал өзүнө байланыштуу чечимди сот эмес, бийлик чыгарды деп эсептейт.

Ал эми анын адвокаты Тимур Султанов Жогорку сот бутагына кайрыларын билдирди:

- Соттук отурумда Жээнбековго моралдык зыян келтирилгенин далилдеген маалыматтар көрсөтүлгөн жок. Ошого карабай сот доо арызды канааттандырып койду.

5-октябрда Бишкектеги Свердлов райондук соту журналист Кабай Карабеков менен 24.kg маалымат агенттигин ар бирин беш миллион сомдон айыпка жыкты.

11-сентябрда 24.kg сайтында Кабай Карабековдун "Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат" деген аталыш менен макаласы чыккан. Анда “Президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган "Социалдык реформалар коому" менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты" деп жазылган.

Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы "ушак жана жалган жалаа" деп сотко кайрылган, моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү талап кылган.

Макала Жээнбековдун БШКдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн талабы менен 24.kg сайтынан алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG