Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:52

ТИМ: Лас-Вегастагы кыргында кыргызстандыктар жабыркаган жок


Мындай маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таратты. Ага ылайык, АКШнын тиешелүү органдары Лас-Вегас шаарындагы кыргында жабыркагандардын жана набыт болгондордун арасында кыргызстандык жарандар жок экенин маалымдаган.

АКШнын Лас-Вегас шаарында 1-октябрда түндө болгон атышуудан каза тапкандардын саны 59 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 515 адам жараат алганын, алардын аты-жөнү такталып жатканын билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул окуяга байланыштуу 3-октябрда АКШ президенти Дональд Трампка көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.

1-октябрда Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG