Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Орусияда жол кырсыгынан кеминде 16 киши набыт болду


кырсык болгон жер
кырсык болгон жер

Орусиянын Владимир шаарында жүргүнчү салган автобус менен поезд сүзүшүп, кеминде 16 киши набыт болду. Өлгөндөр арасында бир бала бар. Ал эми жаракат алгандар ооруканага жеткирилди. Орус расмийлери алардын көбү Өзбекстандын жарандары экенин кабарлады.

Полициянын маалыматында кырсык 6-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 3:30да болгон.

Автобустун номери Казакстандыкы. Бул өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ануар Жайнаков автобустун ичинде 55 өзбекстандык жүргүнчү жана эки казак айдоочусу болгонун маалымдады.

Автобус темир жолдон өтүп баратып өчүп калган. Нөөмөтчү бул тууралуу жакындап калган поезддин машинистине эскерткен. Ал чукул тормоз берсе дагы поезд токтоно албай барып автобусту сүзгөн.

"Ал убакта автобустун жүргүнчүлөрү уктап атышкан. Айдоочу кыйкырганда автобустан 34 киши тышка чыкканга үлгүргөн. Ичинде калгандар набыт кетишти. Автобустун таш талканы чыгып калды", - деди Владимир облусунун губернаторунун маалымат катчысы Рита Шляхова.

Автобус Санкт-Петербургдан Нижний Новгород шаарына бараткан.

XS
SM
MD
LG