Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Испан соту Каталония парламентинин сессиясына тыюу салды


Каталония лидерлери
Каталония лидерлери

Испания Конституциялык соту 5-октябрда Каталония парламентинин дүйшөмбүгө белгиленген сессиясын токтотуу чечимин чыгарды.

Каталония автономиясынын бийлиги ал күнү көз карандысыздыгын бир тараптуу жарыялоону пландап жаткан. Алардын маалыматында өткөн жекшембиде референдумга келген каталондуктардын 90 пайызы Испаниядан бөлүнүүнү жактаган.

Ал эми Мадрид референдумду Конституциялык соттун каршы чечимине карабай өткөнү үчүн мыйзамсыз деп баалоодо.

Добуш берүү күнү автономияга башка аймактан полиция жана жарандык гвардиянын күчтөрү алынып келинген. Алар айрым жерлерде тилкелерден урналарды алып салып, шайлоочуларга күч колдонгон. Натыйжада миңге чукул адам жараат алганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG