Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:16

Таласта Жээнбековдун баннерин өрттөп кетишти


17-сентябрда белгисиз адамдар Таластын Манас районундагы көчө боюна илинген бир баннерди өрттөп, дагы экөөнү айрып кетишкен.

Таласта президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун дагы бир үгүт баннерин белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти.

Окуя 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү болгонун талапкердин штабынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка ылайык, Жээнбековдун Талас шаарындагы Ломоносов - Айтматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үгүт жарнагы өрттөлгөн.

Талапкердин штабы бул боюнча укук коргоо органдарына маалымат берилгенин кабарлады. Штабдын маалыматы боюнча, ушуну менен Таласта төртүнчү ирет талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт баннери жарактан чыкты. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG