Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Ирак Хавижа шаарынын борборун террорчулардан бошотту


Хавижа. 5-октябрь, 2017-жыл.
Хавижа. 5-октябрь, 2017-жыл.

Ирак армиясы Хавижа шаарынын борборун ээлегенин билдирди. Өлкөнүн мунайга бай Киркук вилейетиндеги бул калаа "Ислам мамлекети" деп аталган террор тобунун таяныч түйүнү катары эсептелчү.

АКШ баштаган эл аралык коалициянын колдоосуна таянган ирактык аскерлер, полиция жана аскерлешкен кошуундар "Хавижанын борборун толук бошотуп, чабуулун андан ары улантууда", - деди аскер амалдарынын жетекчиси генерал-лейтенант Абдел Амир Яралла.

Борбор шаар Багдаддан 240 чакырым түндүктөгү Хавижаны алуу аракети 21-сентябрда башталган.

БУУ 3-октябрда билдиргендей, Хавижаны терррорчулардан бошотуу боюнча аскер чаралары башталгандан бери шаардан 12,5 миң тургун чыгып кеткен. Уюм дагы 78 миңдей киши шаарда кала бергенин ырастоодо.

XS
SM
MD
LG