Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Учак кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктын сөөгү алып келинди


Орусияда кыйраган АН-28, 12-сентябрь, 2012-жыл
Орусияда кыйраган АН-28, 12-сентябрь, 2012-жыл

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу маалымдагандай, East Wing компаниясынын Ан-28 учагындагы экипаждын эки мүчөсү кыргызстандык жарандар болгон. Алар: аба кемесинин командири Геннадий Цой жана бортинженер Бейшебек Акматбаев. Аларды жакындары, Цойду кызы Вера Цой, Акматбаевди уулу Эрмек Акматбаев тааныган.

Алматыдагы башкы консулдук маркумдардын жакындарына тиешелүү документтерди алууга көмөктөшүп, алардын East Wing аба компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусуна шарт түзүп беришкен. Жолугушууда аба компаниясы маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү чыгымдарын толугу менен көтөрүүнү убада кылган.

4-октябрь күнү кечинде сөөк салынган эки унаа East Wing компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосу менен Кыргызстанга жиберилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

3-октябрдын кечинде Алматынын алдындагы Междуреченский айылына жакын жерде кулаган Ан-28 үлгүсүндөгү учакта беш киши болгон. Учак Алматыдан Чымкентке абалы оор бейтапка жардам бергени сапар алган. Учактагы экипаждын командири Геннадий Цой, экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшебек Акматбаев жана эки дарыгер каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG