Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Столтенберг: Орусия менен кансыз согушту каалабайбыз


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТО Орусиядан түздөн түз коркунуч көрбөйт, ошол эле учурда ишенимдүү такааты жана коргоосуна ынанып, күчтүү бойдон турууну каалайт. Бул тууралуу альянстын башкатчысы Йенс Столтенберг "Эркин Европа/Азаттык Үналгысына" маегинде билдирди.

Айтымында Орусияга карата эки багыттуу мамилеси бар. Бири коргонууга, экинчиси диалогго негизделген.

- НАТО кансыз согушту каалабайт. Бизге кайрадан жарыша куралдануу зарыл эмес. Ошондуктан Орусияга карата сүйлөшүү каналдарын ачык калтырдык. Андан тышкары аскердик байланыш линиялары бар. Орусия менен чыңалууну азайтып, мамилени жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү каалайбыз, - деди Столтенберг.

НАТО жетекчиси акыркы жылдары Орусия коргонуу чыгымдарын кыйла көбөйтүп, күчтөрүн сынап, аскердик кубатын күчтөгөнүн эске салды. Анын айтымында, Орусия өз коңшуларына, анын ичинде Украинага каршы аскер күчүн колдонууга бара аларын көрсөттү.

Орусия менен Түндүк Атлантикалык блок - НАТОнун чыңалуусу 2014-жылы Украина кризиси, Орусиянын Крымды басып алуусунан кийин күчөгөн.

XS
SM
MD
LG