Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Аба ырайы: Тоолорго кар түшөт


Кыргызгидромет ишканасынын маалыматы боюнча, 7-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолорго кар түшөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүзү 7...12 градус жылыйт.

Ал эми Нарында түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүзү 7...12 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 7-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүзү 12...14 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG