Нобелдин тынчтык сыйлыгын алган Эл аралык өзөктүк куралды жоюу кыймылы (ICAN) "сыйлык өзөктүк куралга башынан эле өжөрлүк менен каршы чыккан миллиондогон адамдардын эмгегинин үзүрү" деп билдирди. Андан тышкары Хиросима жана Нагасакиге ташталган атомдук бомбанын курмандыктарына болгон сый экенин белгиледи.
Уюмдун тармактык координатору Даниэль Хогста өзөктүк куралды колдонуу коркунучу жогору экенин эскертти:
- Өзөктүк жаңжал коркунучу тууралуу жагымсыз сезим дагы күчөп баратат. Эгер өлкөлөр качандыр бир өзөктүк куралга каршы келишкис оппозиция болуусу зарыл болсо, азыр ошол убак келди. Биз өзөктүк куралды сыноого тыюу салган келишимди жактырган өлкөлөрдү кубаттайбыз. Башка бардыгын ошол кадамга чакырабыз.
Аталган кыймыл өзөктүк куралга тыюу салуу келишимин сактоо жана толук аткаруунун үстүндө иштеген жарандык коомдордун башын бириктирет. 2007-жылы ишке кирип, учурда 101 өлкөдө 468 өнөктөштөрү бар.
Сыйлык Түндүк Корея өзөктүк куралдарын сыноону токтотпой, андан улам эл аралык коомчулук чыңалып турган учурда тапшырылууда.