Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:16

Youtube видеопорталына президенттикке талапкер Темир Сариевге жана Казакстандын бизнесмени Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланды. Анда Сариевге үнү окшош адам казак бизнесмени менен жолугууну демилгелеп, тийиштүү жардам ал тарабынан көрүлбөй жатканын айткан. Видеодо алгачкы сүйлөшүү ушул жылдын 22-сентябры деп берилген.

Ошондой эле экинчи сүйлөшүү тараптардын Алматы шаарында жолугушуу алдында 24-сентябрында жазылганы маалымдалат. Ал эми үчүнчү сүйлөшүү 27-сентябрда Сариевге үнү окшош адам Кыргызстанга келип, казак бизнесмени менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Талапкер Темир Сариевдин штабы интернеттеги аудио боюнча комментерий берген жок. Бирок расмий билдирүү даярдалып жатканын билдиришти.

Булат Утемуратов Казакстандын теннис федерациясынын президенти. Ал буга чейин Казакстандын президентинин администрациясында бир катар жогорку кызматтарында жана Казакстандын президентинин кеңешчиси болгон. 2016-жылы Казакстандын 50 бай бизнесменинин көч башында турган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG