Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:31

Жумакадыров кайтыш болгон жол кырсыгы боюнча иш козголду


Темир Жумакадыров бараткан унаа

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов билдирди. Иш Кылмыш кодексинин 281 - (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) беренеси боюнча козголду.

- Учурда бардык экспертизалар дайындалды. Окуя болгон жерде ИИМдин атайын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Мындан башка Чүй ОИИБнын тергөө кызматынын атайын тобу барды.

Сейитов тергөө иштери министрликтеги жетекчиликтин көзөмөлүндө экенин кошумчалады. Учурда КамАЗдын айдоочусу көрсөтмө берип жатат. Алдын ала маалымат боюнча оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу 1992-жылы туулган жаран. Ал машинеге Чүйдөн буудай тартып келаткан.

Бүгүн таңкы саат 7:30дарда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бараткан «Тойота Ландкрузер» автоунаасы “КамАЗ” менен бетме-бет сүзүшкөн. Кырсыктан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жанында жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов болгон. Кырсык автоунаадагы үчөөнүн тең өмүрүн алып кеткен.

Өкмөттөн вице-премьер-министр Таласка иш сапары менен баратканын маалымдашты.

Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын 21-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна келип, жетектеп баштаган. Ал ушул жылдын август айында премьер-министр Сапар Исаковдун министрлер кабинети менен кошо коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ага чейин Коопсуздук кеңшинин катчылыгын аркалап келген. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG