Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталынын бет ачары болот


Иллюстрация
Иллюстрация

9-октябрда премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда, электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталынын жана “Маалымат күркөлөрүн” ишке киргизүү боюнча долбоорунун бет ачары өтөт.

Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү порталы - мамлекеттик кызматты электрондук форматта алууга жана бирдиктүү терезени өзүнө камтыйт.

Анда никени каттоого арыз берүү, жашаган дареги боюнча каттоого туруу, дарек кагазын алуу, жоголгон документтерди текшерүү жөнүндө маалымат алуу, паспортту даярдоо үчүн арыз-анкета тапшыруу, кыймылсыз мүлккө жана кыймылдуу мүлккө ээ экендигин аныктаган мамлекеттик реестринен көчүрмө алуу, айдоочулук күбөлүк алууга мүмкүн болот. Ошондой эле паспортторду үйдөн чыкпастан дистанциялык түрдө алууга шарт түзүлөт.

Бул система “Таза Коом” долбоорунун алкагында ишке кирүүдө. Бирдиктүү порталдын бет ачары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага министрлик ведомстволорунун жетекчилери, Кыргызстанда аккредитация алган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. (SDz)

XS
SM
MD
LG