Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Орус аскерлерине соцтүйүнгө пост коюуга тыюу салуу демилгеленүүдө


Орусиянын Коргоо министрлиги аскер кызматкерлерине социалдык түйүндөрдө билдирүү жарыялоого тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Бул тыюу салуулар өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу киргизилип жатат.

Мыйзам долбоору 4-октябрда укуктук-ченем актыларынын порталына жайгаштырылды. Коштомо катта чектөөлөр аскерлер тарабынан интернетке жүктөлгөн фото, видео жана башка материалдар бөтөн өлкөнүн атайын кызматы жана террористтик уюмдар тарабынан колдонулуп кетпеши үчүн киргизилип жатканы жазылды. "Аскерлер ал сүрөттү кайдан жүктөгөнү геолокация аркылуу маалымат берип салышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоору башка өлкөдө кызмат өтөп жаткан орус аскерлерине да тиешелүү болушу мүмкүн. Орус маалымат агенттиктери мыйзамга өзгөртүүлөр менен 2018-жылы январда кабыл алынарын жазып чыгышты. Мындай чектөө буга чейин Федералдык коргоо кызматы (ФСО) жана Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлерине киргизилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG