Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:45

БШК талапкер Төрөбаевдин каттоосун жокко чыгарды


Бакыт Төрөбаев

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн жыйында президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арызды карап, кабыл алды. БШКдан “Азаттыкка” билдиришкендей, Төрөбаев өз ыктыяры менен президенттик жарыштан баш тартканы тууралуу БШКга арыз жазган жана аны БШК мүчөлөрү бир добуштан кабыл алды.

Буга чейин Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бир тандем түзүү тууралуу расмий билдирген. Ушундан соң ал өз электоратын добуштарды Бабановго берүүгө үндөөгө өткөн.

Андан мурдараак талапкер Камчыбек Ташиев да Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып, президенттик жарыштан чыкканын жарыялаган.

Боршайком жарыштан четтеген талапкерлердин аты-жөнү бюллетенде калем менен сызыларын билдирген. Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG