Украинанын президенти Петро Порошенко Донбасстын өзгөчө статусу жөнүндө мыйзамга кол койду. Документ эски мыйзамды дагы бир жылга күчүндө калтырат жана Украинадан орус аскерлери толугу менен чыгып кеткенден кийин иштей баштайт.
6-октябрда мыйзамды Жогорку Раданын көпчүлүк депутаттары колдоду. Бирок бир катар депутаттар документ Украинанын улуттук кызыкчылыктарына жооп бербесин билдиришти. Натыйжада мыйзам долбоорду кароо учурунда парламентте мушташ чыгып кеткен.
Долбоорду белгисиз мөөнөткө жылдырууну Порошенко өзү киргизген. Кийинчерээк документтен Минск келишими боюнча пункттар алынып салынды. Анын ордуна БУУнун Донбасс боюнча резолюциясы киргизилди.
Украина президентинин маалымат кызматы жаңы мыйзам Донецк жана Луганск облустарына БУУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрүн жайгаштырууга шарт түзөрүн кабарлоодо. (SDz)