Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

8-октябрга карата аба ырайы


Эртең 8-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...14 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүзү 11...17 градус жылыйт.

Ал эми Нарында түнкүсүн -2...-4 градус суук, күндүзү 8...13 градус жылуу болот.

Эртең Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2...4, күндүз 16...18 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG