Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Москвада Алексей Навальныйды коргоо акциясы өтүп жатат


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Москвада оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташтарынын жергиликтүү бийлик менен макулдашылбаган митинги өтүп жатат. Алар алгач Пушкин аянтына чогулуп, андан соң Тверь көчөсү менен жүрүш жасады. "Свобода" радиосунун кабарчылары билдиргендей, полиция Кызыл аянтка кире беришти толугу менен жапты.

Митингдин катышуучулары “Орусия эркин болот!”, “Таза шайлоо үчүн!” деген ураандарды кыйкырышып, Навальныйды камактан чыгарууну талап кылууда.

Тверь көчөсүнө эртең менен эле полициялар тартыла баштаган. Тартип сакчылар чогулгандарга таркап кетүүнү айтып жатат. Навальныйды колдоо митинги Орусиянын 80ден ашуун шаарында өтүп жатат.

Ушундай эле нааразылык акциялары Москвада 26-мартта жана 12-июнда өтүп, массалык кармоолор менен коштолгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG