Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Президент Атамбаев казак бийлигин сындады


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Казакстандын айрым жогорку жетекчилери азыркыга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин карапайым элге ок чыгарганы туура болгон деп айтып келишет. Бул тууралуу Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында билдирди.

- Бакиевдер азыркыга чейин Алматыда майрамдарын өткөрүп жатышат. Аларды колдоп жаткандардын фамилияларын айтпай эле коёюн. Бирок казак бийлигине биз жаман үлгү көрсөтүп жатабыз. Анткени Атамбаев Казакстанга таза бийлик кандай болорун көрсөтүп жатат. Нурсултан Назарбаев Алматынын ИДПсы Кыргызстандан беш эсе көп деп туура айтып жатат. Бирок эмне үчүн Казакстандын пенсиясы Кыргызстандан болгону 1,5 эсе эле көп? Ал эми тарифтер беш эсе көп. Анткени Казакстандын байлыгын өздөрү эле тоноп жатышат.

Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын айрым олигархтары Кыргызстандын шайлоосуна кийлигишип жатканын айтып өттү.

- Бизде Талас облусунда жашагандар Казакстандын элине караганда жакшы жашашат. Эгерде бизде Казакстандай каражат болгондо пенсия дагы он эсе көбөймөк. Анткени менден Утемуратов өңдүү олигархтар байымак эмес. Аларга (Булат Утемуратовго) биздин Бабанов, Сариев өңдүү саясатчыларбыз чөгөлөп барып жатат.

Атамбаев буга чейин казак президенти Нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолукканда “Кыргызстанга жаш президент келүүсүн колдойм” деген сөзүн сындап, Казакстандын өзүнө жаш президент керек экенин билдирди.

6-октябрда Youtube видеопорталына президенттикке талапкер Темир Сариевге жана Казакстандын бизнесмени Булат Утемуратовго үндөрү окшош адамдардын телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланган. Анда Сариевге үнү окшош адам казак бизнесмени менен жолугууну демилгелеп, тийиштүү жардам ал тарабынан көрүлбөй жатканын айткан. Видеодо сүйлөшүүлөр сентябрь айынын аягында болгону жазылган.

Сариевдин штабы бул аудио талапкерге карата "кара пиар" деген билдирүү таратты. (SDz)

XS
SM
MD
LG