Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Орусияда Путиндин туулган күнүндө нааразылык акциялары өттү


Камактагы орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга тилектештик билдирген 7-октябрдагы нааразылык акциялары 26 шаарда өтүп, 271 адам кармалды.

Камактагы Алексей Навальный “Дождь” каналына митингге чыккандарга ыраазычылыгын билдирип, эл мынчалык колдоп чыгарын күтпөгөнүн айткан.

Кармалган адамдардын көпчүлүгүнө полиция жол эрежесин бузду деген айып менен оозеки эскертүү берип, бошотту. Митинг Екатеринбург, Ижевск, Нижний Тагил, Ростов-на-Дону, Самара, Саратов, Тюмень, Түштүк-Сахалин өңдүү ири шаарларда өттү. Ал эми Москванын "Манежная" аянтындагы митингчилерди кечки саат сегизде полиция кубалап таратты.

Алексей Навальныйга тилектештик билдирген нааразычылык акциялары Орусия президенти Владимир Путиндин 65 жашка толгон күнүнө туура келди. Уюштуруучулар митингди атайын ушул датага пландашкан.

Ушундай эле нааразылык акциялары Москвада 26-мартта жана 12-июнда өтүп, массалык кармоолор менен коштолгон.

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальный ушул жума башында 20 суткага камалган. (SDz)

XS
SM
MD
LG