Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:35

Испанияда Каталония кризисине байланыштуу митингдер өттү


Мадрид жана Барселонадагы митинг (7-октябрь, 2017-ж)
Мадрид жана Барселонадагы митинг (7-октябрь, 2017-ж)

Испаниянын 50дөн ашык шаарында он миңдеген адам Каталониядагы кризисти тынчтык жолу менен калыбына келтирүүгө үндөгөн митингге чыгышты. Испан бийлигинин айтымында, Мадрид борборундагы өлкөнүн биримдигин колдогон патриоттук жүрүшкө 50 миң киши катышты.

Барселона менен Валенсияда активисттер тобу “Келгиле, сүйлөшөлү” деген аталышта митинг уюштурду.

Ишемби күнү каталония лидери Карлес Пучдемон борбордук бийлик аларга байланышка чыкпай, Мадрид Каталониянын эки миллиондон ашык шайлоочусунун референдумдагы добуштарын эске албай жатканын айтты. Мадрид өз кезегинде референдум мыйзамсыз болгонун билдирип келүүдө.

9-октябрда Каталониянын парламенти референдумга өз баасын бермекчи. Ал эми Пучдемон 10-октябрда расмий билдирүү жасашы күтүлүүдө. Азыркыга чейин ал кандай мазмундагы билдирүү менен чыгаары белгисиз. Буга чейин ЖМКлар ал Каталонияны Испаниянын курамын чыгаруу тууралуу айтаарын божомолдошкон. (SDz)

XS
SM
MD
LG