Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:11

Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди


Гүлбү Ороскул кызы

Таланттуу өнөрпоз, эстрада жана фольклор ырчысы, КТРКдагы "Сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-октябрда Беш-Күңгөй айылында өттү.

Ырчынын сөөгү бүгүн Бишкек шаарынын сыртындагы Чоң-Арык аймагында жерге берилди.

Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрда 40 жашында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн. Ал 1976-жылы 1-ноябрда Кыргызстандын Жалал-Абат облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 8-классынан баштап Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр институтунан билим алган.

Гүлбү Ороскул кызы аткарган обондуу ырлар интернетте жарыяланган клиптер аркылуу да дүйнөгө таркалып, калайыктын купулуна толгон эле.

Маркумдун артында эки кызы калды. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG