Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

"Фейсбук": жаңы эреже боюнча жарнамалык материал кеч жарыяланат


"Фейсбук" компаниясы саясый жана диний жарнаманы социалдык түйүнгө жайгаштыруу эрежесин өзгөрттү. Компаниянын маалыматында мындан ары саясый жана диний жарнамалык материалдар атайын адистердин кароосунан кийин гана жайгаштырылат. Андыктан "Фейсбук" жаңы эрежеге ылайык, жарнама мурдагыдан кечирээк жайгаштырыларын билдирди. Буга чейин төлөнмө материалдар автоматтык негизде жарыяланып келген.

Ушул жумада "Фейсбук" жетекчилиги АКШ Конгрессинин чалгындоо боюнча комитетинде көрсөтмө берүүгө макулдугун берген. Комитет 2016-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөөдө.

Сентябрь айында "Фейсбук" Конгресске президенттик шайлоо учурунда Орусияда катталгандардын жарнамалык материалдары боюнча маалыматтар менен бөлүшкөн. Анда Орусиянын 470тей мамлекеттик компаниясынын маалыматтары тууралуу отчет берилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG