Түрк армиясынын аскерий техникасы жекшембиде Сирия менен чек арадан өтүп, Идлиб вилайетине кирди. Бул аймак Алеппо (Халеб) шаарынан түштүк-батышта жайгашкан.
Бул аскердик иш-аракет тууралуу Рейтер кабар агенттиги жергиликтүү тургундарга таянып билдирди. Буга чейин Анкара бул аймакты көзөмөлдөгөн «Тахрир аш-Шам» жихадчыл тобуна каршы аскердик иш-чаралар башталганын жарыялаган.
Ишембиде Түркиянын президенти Режеп Эрдоган түрк армиясы колдогон козголоңчулар Идлибде аскер амалдарын баштаарын жарыялап, Түркия чек араларына жакын жерде “террорчулардын өткөөлүнө” жол бербей турганын айтты.
Аскердик иш-аракет Түркия менен Башар Асаддын тарабын туткан Орусия жана Ирандын ортосунда Идлиб вилайетинде коопсуз аймактарды түзүү боюнча макулдашууга жетишилгенден кийин башталды.
Сириянын Идлиб жана башка түндүк-батыш чөлкөмдөрүндө калк жыш жайгашкан. Бул жерде эки миллиондон ашуун киши, анын ичинде башка райондордон баш калка издеп барган качкындар байырлап жатышат.