Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:36

АКШ: Нэйт бороону Миссисипи штатынын жээктерин талкалады


Мексика булуңундагы бороон-чапкын

АКШнын бороон-чапкынга көз салган улуттук борбору "Нэйт" аталган улуу бороондун күчү тропикалык шамалдын деңгээлине чейин азайганын билдирди. Бул тууралуу жекшембиде мекеменин интернет сайтына жарыяланды.

"Нэйт" бороону жекшембиде таңга жуук Миссисипи штатынын жээктерине, Жаңы Орлеандын чыгышындагы Луизина штатынын райондоруна олуттуу зыян келтирди.

АКШ бийликтери Мексика булуңу тараптагы жээктерден жергиликтүү тургундарды эвакуациялоону талап кылган. Борбордук Америкада суу каптоодон ондогон адамдар набыт кеткени кабарланды.

2005-жылы бул аймак Катрина бороонунан катуу запкы чеккен.

XS
SM
MD
LG