Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Обама элди кайра үмүттөндүрө алабы?


Президент Обама Айова университетиндеги жолугушуу алдында. 28-август, 2012
Президент Обама Айова университетиндеги жолугушуу алдында. 28-август, 2012

4-сентябрда АКШнын Демократиялык партиясынын улуттук курултайы ачылат.

Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарындагы жыйында демократтар президенттикке талапкер кылып кайрадан Барак Обаманы көрсөтүүгө тийиш. Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, президент Обама менен республикачылардын талапкери Митт Ромни ортосундагы таймаш күчөй баштады. Серепчилер курултайдан кийин Обаманы колдоочулардын саны бир кыйла көбөйөт деп боолгошууда.

Президент Обама Демократиялык партиянын курултайы алдында Луизиана штатындагы “Айзек” урагандан жабыркаган райондорго барды. Ал табигый апааттын чыгымын азайтууда жасаган эмгектери үчүн жергиликтүү жана федералдык бийликтердин ишине ыраазычылык билдирди:

- Мен, өзгөчө, Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттикке (FEMA), штаттагы жана жергиликтүү бийликтерге алкыш айткым келет. Себеби мурда айрым учурларда бул өңдүү кырсыктарга каршы координацияланган зарыл чаралар көрүлгөн эмес. Азыр көрүлдү.

Обамага чейинки президент Жорж Буштун өкмөтү 2005-жылкы “Катрина” ураганы маалында куткаруу иштерини ыкчам жүргүзгөн эмес деп катуу сындалган. Анда Мексика булуңу тараптан келген шамал аралаш толкун Жаңы-Орлеанда 1800дөй адамдын өмүрүн алган. Бул жолу урагандын айбаты анча катуу болгон жок. 28-августта АКШнын түштүк жээгин каптаган суу ташкында Луизианада 5, коңшулаш Миссисиппи штатында 2 адамды ажал алганы кабарланды.

Фотомонтаж. Президенттикке талапкерлер: демократ Барак Обама жана республикачыл Митт Ромни
Фотомонтаж. Президенттикке талапкерлер: демократ Барак Обама жана республикачыл Митт Ромни
Ноябрдагы президенттик шайлоодо таразага түшчү эки талапкер ушу тапта ар кандай мүмкүнчүлүктү пайдаланып, шайлоочулардын көңүлүн алганга аракет кылышууда. Обаманын штабы 2008-жылкы шайлоо алдында республикачыл Буштан калган жагдай менен бүгүнкү абалды салыштырса, Митт Ромни, асыресе, Обаманын жасаган жана жасабаган иштеринин кемтигин таап сындоодо.

Ромни 30-августта Республикачылар партиясынын курултайындагы программалык сөзүндө Обаманы төрт жыл илгери берген убадаларынын өйдөсүнө чыкпады, экономиканын начар абалы жөнүндө сөз козгоодон качууда деп күнөөлөдү.

Обама эртеси күнү Техастагы аскерий базада америкалык жоокерлердин Иракта урушту токтотконунун эки жылдыгына байланыштуу сүйлөп, Ирактагы миссия бүткөнүн жана тогуз жылдан соң ирактыктар өз жолун өзү чапканга мүмкүнчүлүк алганын баса белгиледи. Ошондой эле террорчулардын Усама бин Ладен сыяктуу лидерлери тындым кылынганына токтолду:

- Биз союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен бирге “ал-Каиданын” даражасы улук террорчуларын 2001-жылдын 11-сентябрынан бери болуп көрбөгөндөй көп жок кылдык. Биздин аскерлерибиздин каармандыгынын натыйжасында “ал-Каида” азыр жеңилүү жолунда жана бин Ладен эч качан Америка Кошмо Штаттарына кайра коркунуч туудурбайт.

Бирок да көпчүлүк серепчилер Барак Обаманын кайра шайланышы элдин экономикалык маанайына байланыштуу болот дешет. Саясий талдоочу Чарльз Куктун пикиринче:

- Президент Обама эгер ал кайра шайланса, келерки төрт жыл кийинки төрт жылдагыдан жакшы болоруна элди ишендириши абзел. Арийне, өлкө катаал мезгилден өтүүдө. Ал “үмүттүн жана өзгөрүүнүн” бир бөлүгү -үмүттү элде кайра жаратыш керек.

Азыркы президент төрт мурда шайлоочуларды “үмүт жана өзгөрүүнүн президенти болом” деп өзүнө тарткан.

Барак Обама бейшемби күнү курултайда сүйлөгөндө төрт жыл мурдагыдай элди шыктандырып, келечектен үмүттөндүрө алабы? Ал үчүн президент экономикалык планына кеңири токтолушу зарыл дешет демократтар. Азыр Обама жана Ромни үчүн добуш берчүлөрдүн саны тең - 46 процент. Демократтар курултайдан соң Обаманы колдоочулардын саны 50 процентке чыгат деген тилекте.

XS
SM
MD
LG