Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

АКШ эми Иракта "Жаңы таң операциясын" баштайт


Президент Барак Обама Ирактагы согуштук операциялар бүткөнүн жалпы улутка жарыялоодо. Вашингтон. Ак Үй. 31-август 2010
Президент Барак Обама Ирактагы согуштук операциялар бүткөнүн жалпы улутка жарыялоодо. Вашингтон. Ак Үй. 31-август 2010

Президент Барак Обама АКШлык аскерлер Ирактагы согуштук операцияларын бүткөргөнүн ырасмий түрдө жарыялады. Бирок Кошмо Штаттар Ирактагы кайра куруу жараянына “өнөктөш жана дос катары” жардамдаша берет деди ал.

Президент Обама "маңызсыз" согуштү бүткөрдү

Барак Обама 31-августта Ак Үйдө жасаган телекайрылуусунда АКШ күчтөрү Иракта согуштук аракеттерин токтотконун шардана кылды:

АКШ президенти Барак Обама

- Бүгүн түнү америкалык аскерлердин Ирактагы согуштук миссиясы бүткөнүн жарыя кылам. “Ирак эркиндиги” операциясы бүттү. Мындан ары өлкөнүн коопсуздугу үчүн Ирак эли өзү жооптуу.

Барак Обама президентке талапкер кезинде 2003-жылы АКШ аскерлеринин Иракка басып кирүүсүн “маанисиз согушка баруу” деп эчен ирет сындаган. Ал 2009-жылы Ак Үйгө киргенден тарта Ирактагы америкалык жоокерлердин саны 90 миңге кыскартылып, жүздөгөн аскерий базалар жабылды, же Ирак армиясына өткөрүп берилди.

Ирактагы биздин аракетибиздин бир сабагы бул: Американын дүйнөдөгү таасири жалгыз аскерий күчкө негизделбейт.
Барак Обама

АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс да 1-сентябрда Ирактын Рамади шаарындагы америкалык аскерлер менен кездешүүдө “Иракта согуш бүттү” деп билдирди.


Иракта "Жаңы таң операциясы" башталды

Иракта калган 50 миңдей аскер 2011-жылдын аягында чыгып кетет. Ага чейин Ирак армиясы менен полициясына “кеңеш берет жана жардамдашат”. Бирок Вашингтон Иракка жардамдашууну токтотпойт. Бул миссия 1-сентябрда башталып, “Жаңы таң операциясы” деп аталат. Анын 1-сентябрда Багдадда болчу башталыш салтанатына катышуу үчүн вице-президент Жо Байден жана Роберт Гейтс келишкен.

Президент Обама америкалык аскерлерге кызматы үчүн алкыш айтууда. Техас. 31-август 2010

Болчокто Иракка берилчү жардам Барак Обаманын билдиришинче, экономика менен гана чектелбейт:

-Аскерлер чыгып кеткен соң дипломаттар, жардам көрсөтчү кызматкерлер жана кеңешчилер Иракка барышып, өкмөттү чыңдоого, саясый диспуттарды чечүүгө, согушта орун которгон адамдарды жайгаштырууга, регион жана дүйнө менен байланыш түзүүгө кол кабыш кылышат.

Азыр Иракта кырдаал туруктуу деп айтуу натуура болор эле. Акыркы күндөрү эле козголоңчулардын чабуулунан элүүдөй адамдын каны төгүлдү.

Обама да 31-августтагы кайрылуусунда куралдуу коогалаң басылып калбасын белгилөө менен террорчулардын максаты ишке ашпасын, анткени Ирак эли жатташтык согушун, зобун-зордукту колдобогонун айтты.


Ирак согушу АКШга эмне сабак берди?

Президент Обаманын сөзүнчө, АКШнын Ирактан аскерлерин чыгарып кетүүсү - өлкө дүйнөлүк саясаттан четтеп калды дегенди түшүндүрбөйт:

- Ирактагы биздин аракетибиздин бир сабагы бул: Американын дүйнөдөгү таасири жалгыз аскерий күчкө негизделбейт. Биз бардык элементтерди, анын ичинде дипломатиябызды, экономикалык кубатыбызды пайдаланып, өз кызыкчылыгыбызды камсыздообуз жана союздаштарыбыз менен бирге болуубуз абзел.

Обама ошондой эле “ал-Каида” АКШга каршы кутумунан баш тарат элегин, согушка дегеле эч бир өлкө кызыкпаганын белгиледи жана Ирактан үнөмдөгөн каражат Ооганстандагы согуш үчүн сарпталат деди:

-“Ал-Каида” бизге каршы кутумун токтоткон жок. Анын башчылары Ооганстан-Пакистан ортосундагы чек ара аймагына бекем орношуп алды. Ооганстан кайрадан террорчулардын базасына айланбаш үчүн “ал-Каиданы” талкалап, башчыларын жок кылып, жеңебиз. Ирактан аскерлерди чыгаруу чабуулга керектүү каражатты бөлгөнгө мүмкүндүк берет.

Обама ошентип Ирактагы согуштун бүткөнүн өзү катарындагы Демократтык партия ноябрда Конгресске болчу шайлоого кызуу камданып жатканда жарыя кылды. Демократтар согуштан тажаган алар үчүн добуш берет деп үмөттөнүшөт. Акыркы сурамжулоолор көрсөткөндөй, шайлоодон кийин оппозициячыл Республикалык партия Конгресстин Өкүлдөр палатасындагы көпчүлүктү түзүп калышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG