Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

АСКЕРЛЕРДИ ИРАКТАН ЧЫГАРУУ ТАЛАБЫ КОНГРЕСС КАБЫЛ АЛГАН МЫЙЗАМДАН АЛЫП САЛЫНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Америкалык Конгресс менен президент ортосунда Ирак согушу менен байланыштуу төрт айдан бери уланган финансы салгылашуусунда президент жеңип чыкты. Ирак менен Ооганстандагы согуштар үчүн 100 миллиард доллардан ашык кошумча каражат бөлүндү.

Жыл башында АКШ өкмөтү Конгресске кайрылып, үстүбүздөгү жылдын сентябрына чейинки Ирак менен Ооганстандагы аскерий аракеттер үчүн 124 миллиард 200 миллион доллар кошумча каражат бөлүп берүүнү сураган. Ал акчанын 100 миллиардка жакыны коргоо министрлигинин өзүнө берилет, калган акча Ооганстан менен Ирактын өкмөттүк күчтөрүн машыктырууга жана апийим өндүрүп-саткан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн жумшалууга тийиш.

Бирок былтыр ноябрда өткөн шайлоодо Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүккө ээ болгон Демократиялык партиянын өкүлдөрү бул каржылоо иштери менен байланышкан маселеге - америкалык аскерлерди Ирактан чыгарып кетүү проблемасын дагы кошкон. Көпкө уланган талаш-тартыштан кийин мыйзам долбооруна атайын кошумча киргизилген.

Ал кошумчада Ирак өкмөтүнө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жана саясий менен экономикалык нуктагы бир катар шарт коюлган. Эгер ал шарттар аткарылбаса, америкалык аскерлер өлкөдөн быйыл 1-июлдан тартып чыгарыла башташ керек болчу, эгер ал шарттар аткарылса, аскерлер өлкөдөн 1-октябрдан кеч эмес кете баштамак. Эки учурда тең аскерлерди чыгаруу 180 күндүн ичинде бүтүп, 2008-жылдын апрелине чейин Иракта америкалык аскер калбаш керек болчу.

Бул мыйзамды Эл өкүлдөр жыйыны менен Сенат апрелдин аягында кабыл алган, бирок президент Жорж Буш ага дароо вето салган жана Конгресс мүчөлөрү менен оор сүйлөшүүлөр башталган. Натыйжада 24-май күнү кечинде Эл өкүлдөр жыйыны, андан соң түнүчүн Сенат дагы жаңы мыйзам кабыл алды. Ага - америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу боюнча кошумча кирбей калды, бирок Ирак өкмөтүнө коюлган шарттар жазылган бойдон калды.

Эл өкүлдөр жыйынында мыйзам үчүн 280 конгрессмен добуш берип, 142 гана адам каршы чыкты, Сенатта болсо мыйзамды 80 сенатор колдоп, 14 гана каршы добуш берилди. Анткен менен Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Нэнси Пелосинин пикиринде, Ирактагы согуш бардык тараптарга зыян тийгизүүдө:

"Иракта миңдеген америкалык жаран курман болду. Ирактыктардын өздөрүнүн арасындагы чыгаша боюнча так маалымат жок, бирок 100 миңден ашык адам өлгөн десек болот. Ал эми биздин кадырыбыздын төмөн түшкөнүн, биздин аскерий даярдыгыбыз канчалык начарлаганын эч нерсе менен ченей албайсың. Биздин оюбузча, жаңы багыт керек. Бүткүл Жакынкы Чыгыш регионунда стабилдүүлүк орнотуу боюнча жана ага Ирактагы биздин аракеттер кандай салым кошкону жөнүндөгү маселелерге жаңы мамиле керек", - деди Пелоси 24-майда.

Өкмөт мүчөлөрү менен жолугуп-сүйлөшкөндөн кийин демократтардын Сенаттагы лидери Гарри Рид мыйзамды жактырууга добуш берди, бирок бөлүнгөн каражат сентябрга чейин гана жетет, ошондуктан күзүндө саясий салгылашуулар кайра башталаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG