Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Ирактагы коопсуздукту ирактык аскерлер күзөтөт


Ирак өкмөтү 1-июлдан тарта өлкөдөгү коопсуздукту күзөтүү ишин өз колуна алат. Ага 2 күн калганда Багдаддын көчөлөрүндө көп сандаган ирактык аскерлер менен полициячылар кызмат өтөй баштады. АКШ менен Ирак ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, 133 миңдей америкалык аскер Ирактагы бардык шаар-кыштак, айылдардан акырындап чыгарыла баштады.

Жекшембиде Fox телеканалына берген интервьюсунда Ирактагы АКШ күчтөрүнүн командачысы, генерал Рэй Одьерно аскерлерди алып кетүүгө убакыт бышып жетилгенин белгиледи.

- Соңку эки жарым-үч жыл ичинде ортодогу тыгыз өнөктөштүктүн аркасы менен Иракта өтө кыйын күндөрдү баштан кечирдик, кол салуулар азыркыдан 10 эсе көп болуп, алардан каза тапкандардын саны арбын эле. Азыркы абалга жетишиш үчүн биргелешип абдан катуу аракеттендик. Ирактын коопсуздук күчтөрү, биз жетектеген коалициялык күчтөр да оор жоготууларга туш болду. Өнөктөштүк мындан ары да бекемделет, бирок андагы башчылыкты ирактыктарга өткөрүп берүү мезгили бышып жетти. Ирактыктар алдыда болуп, биз аларга арттан колдоо көрсөтөбүз, - деди генерал Одьерно.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики да “Ирактын эгемендүүлүгүн бекемдей турган деңгээлге жеттик, дүйнө жүзүнө өлкөдөгү бейпилдикти жана башка иштерди өз алдыбызча башкара алаарыбызды далилдешибиз керек” деген билдирүү таратты.

Иракта кол салуулардын саны, америкалык командачы айткандай, соңку кездери бир топ кыскарды. Салыштыра кетсек, 2006-жылы согушчандар ар кайсы жерде 6600 ирет күтүүсүз чабуул койсо, былтыр андай кандуу кутумчулуктун саны эки эсе кыскарды. Быйыл алгачкы беш ай ичинде Багдадда жана анын тегерек-четинде 454 жолу жардыруу болуп, былтыркы ушул мезгилдегиден 75%га азайды. Ошентсе да, кандуу статистика тыйылган жок, январдан бери Багдадда эле атылган октон, же жардыруудан набыт болгон карапайым ирактыктардын саны 200 кишиден ашты.

Алты жылдан бери Ирактын шаар-кыштактарынын көчөлөрүндө куралдуу көзөмөл жүргүзгөн жашыл-ала кийимчен америкалык аскерлер ошентип, 1-июлдан тарта ал кызматын токтотот. Катардагы ирактыктардын көбү “кетишсин, булар кетсе, акыры тынчтык орнойт” деген пикирин айтышса, “кол салуулар күчөп, алты жылдык операциянын жетишкендиктери жокко чыкпаса болду”, - деп санааркагандар да жок эмес. Ирактагы коопсуздукту эми машыктырылып-үйрөтүлгөн 200 миңдей жоокерден куралган Ирак армиясы, 42 миңдей аскердешкен полициячы жана дагы 300 миңдей кадимки полиция кызматкери күзөтөт.

Ирак армиясынын генералы Хамид Хадим кырдаал жайында, кандай болбосун душмандын мизин кайтаруу колубуздан келет деп ишендирди.

- Биз баарына даярбыз, аскерлер өлкөнүн бардык аймактарында бир кылка жайгаштырылды. Кудай буюрса, ар кандай кырдаалда элди коргоого күчүбүз жетет.

Азырынча америкалык аскерлер Ирактан бүт бойдон чыгарылбайт, Ирак армиясына колдоо көрсөтүп четте турат, андай ролго нааразы айрым жоокерлер: “бизди биротоло алып кетип, же жоопкерчиликти калтырышы керек эле, ортого коюп, тигини, же муну кыл деп жумшаганы кимге жаксын” деген пикирлерин айтышса, сержант Пьер: “бирибиз калбай чыгып кетип, Ирак армиясы кыйраганын карап турганыбыз жарабайт. Кырдаал мындан ары кай тарапта өнүгөөрүн байкап, жардам керек болсо, жетип барып колдоп турганыбыз оң”!, - деп тактай кетти жаңы миссия максатын.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG